Аткаруучу: Жанар Туратова
Жылмайып аста эле күлгөнүң
Жыргалы белең дүйнөмдүн
Жылмайган ошол күлкүңө
Жылынып жүрөт сүйгөнүң
Жылмайган ошол күлкүңө
Жылынып жүрөт сүйгөнүң
Атырдай жытың алып келет
Айдарым соккон муздак жел
Берекем, айым , күнүм деп
Бетиңден сылар күн келээр
Берекем, айым , күнүм деп
Бетиңден сылар күн келээр
Сагыныч куса эле курусун
Сагынган кезде эле күн узун
Саламым айтып барчуудай
Асмандын тиктейм булутун
Саламым айтып барчуудай
Асмандын тиктейм булутун
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.