Датасы: 08.10.2020
Формат: mp3

Чокулары көк тиреген аска зоо,
Чоңойдук биз коюнуңда, Ала-Тоо.
Багбан тилек, эр көкүрөк элимди
Баш ийдирип ала албаган канча жоо.
Кыргыз элим жыргасын,
Кылымдарга ырдасын.
Дүңкүрөсө ааламга
Дүйнө эли тыңдасын.
Эл баатыры Барсбек, Манас бабалар
Эрдиктери Ала-Тоого барабар.
Эне-Сайда кең мекендүү эл элек
Эбегейсиз тоо, токойлор, талаалар.
Кыргыз элим жыргасын,
Кылымдарга ырдасын.
Дүңкүрөсө ааламга
Дүйнө эли тыңдасын.
Аралыкта канча кылым алмашты,
Айыгышта жан кыйылды, кармашты.
Эчен мезгил эңсеп келген элибиз
Эгемендүү, куттуу заман таңы атты.
Эгер болсо салтанат,
Эгемен эл даңктанат.
Шайыр-күлкү, музыка,
Шаңга толот чар-тарап.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *