Аткаруучу: Чыңгыз Турдубеков
Жүрөгүм
Сен менен жүрөгүмдүн тынып санаасы,
Сен деген үмүтүмдө күйүп жанасың.
Ушунча көңүлүмдүн таппай түнөгүн,
А көрсө бир өзүңдү күтүп жүрүпмүн.
Кайырма:
Жүрөгүм жүрөгүм,
Көңүл түнөгүм түнөгүм.
Жарты жан сыяктуу,
Сен жок жүдөдүм.
Жарымым жарымым,
Жанган жарыгым жарыгым.
Аярым өзүңдү,
Жоктоп сагындым.
Сен мен үчүн карегим да көзүмсүң,
Күлмүңдөгөн жүзүмдөгү күлкүмсүң.
Сен дегенде билбей калып дарегим,
Сен мен үчүн ак сарайым, үйүмсүң.
Сен мен үчүн асманым да жеримсиң,
Бул ааламда жашоо берген демимсиң.
Жазылган тагдырыма багыма,
Сен мен үчүн өмүрдөгү теңимсиң.
Кайырма:
Жүрөгүм жүрөгүм,
Көңүл түнөгүм түнөгүм.
Жарты жан сыяктуу,
Сен жок жүдөдүм.
Жарымым жарымым,
Жанган жарыгым жарыгым.
Аярым өзүңдү,
Жоктоп сагындым.
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.