Сагынбек Момбеков — Колтугунан жөлөдүкпү? тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Кайрандарым май бастырып көздөрүн,
Элин тытып, талап-тоноп өз жерин.
Жорулардын жоруктарын жасашып,
Бүркүт сезип жүрүшпөйбү өздөрүн.
Эл тагдырын каалагандай чоюшат,
Акыйкатты кууп жүрүп союшат.
Комдонгону жолборско окшоп турса да,
Кысталактар иттик кылып коюшат.
Комдонгону жолборско окшоп турса да,
Кысталактар иттик кылып, иттик кылып коюшат.
Төрүбүздө тайраңдашып ким-жогу,
Ата Журтка тийбесинчи кир колу.
Заман көчү кайда барат, жашырбай,
Акыйкатын айткылачы бир жолу.
Заман көчү кайда барат, жашырбай,
Акыйкатын айткылачы, айткылачы бир жолу.
Ишенебиз алдашса да миң жолу,
Ушул эмей көкүрөктө кир жогу.
Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айылыбызга бир жолу.
Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айылыбызга, чыркыраган айылыбызга бир жолу.
Бешенеге жазбагандыр кулдукту,
Же биз эмне кечкис күнөө кылдыкпы?
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты.
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты.
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты,
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп, бир көрсөтүп койгулачы, бир ырдатып койгулачы чындыкты.
Жумурткадан кыр тапканга ашыгып,
Бүткөн ишке сын такканга машыгып.
Тагдыр бизди таразалап көрөрдө,
Аялдардын этегине жашынып,
Саймедиреп саясаттан сүйлөйбүз,
Бир чоң тоюп алган жерге,
Бир чоң тоюп алган жерге баш уруп,
Бир чоң тоюп алган жерге баш уруп.
Баштагыдай эле биздин түрүбүз,
Балекеттей бапырт чыгат үнүбүз.
Кечээ күнү чындык ыйлап жатканда,
Катыгүн, ай, биз каякта жүрүбүз?
Кылыч болуп суурулганды мындай кой,
Колтугунан жөлөдүкпү,
Колтугунан жөлөдүкпү, жөлөдүкпү бирибиз?

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3981
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти350
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти192
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти142
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти133
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти111
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти99
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти98
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти91

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.