Датасы: 20.09.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Чынгыз Турдубеков

Опкоолжуткан ойлор кырдасам
Оюм менен сансыз кыр ашам
Мүчөсүндөй тулку боюмдун
Сендей мага болбос эч качан

Шамал үйлөп саамай өпкөндө
Айла таппай жашым төккөнгө
Бүркүт өңдүү көктө айланып
Зар боломун сени көргөнгө

Удургуган кыял ургулап
Назик үнүң алыс угулат
Дайрадагы аккан толкундай
Сагынычым чалкып кубулат

Тоо аралап учкан куш болсом
Калкып барып жаныңа консом
Сен да мендей ойго батканда
Көңүлүңдү ачаар мен болсом

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *