ир жолу кедей киши токойдо келатып бадалдын түбүндө жаткан коёнду көрүп калат. Кубанып кеткен киши кыялга батып, өзүнчө сүйлөнө баштады:
— Мен эми мындан ары жакшы жашай баштайм! Бул коёнду кармайм да, сатам. А түшкөн акчага чочко сатып алам. Ал мага он эки торопой тууп берет. Торопойлор чоңоюп, ар бири он экиден торопой тууйт. Анан менде эт көп болот. Эттин баарын сатып, акчасына жаңы үй курам, чарбачылык жүргүзүп, малайларды жумшайм да катын алам. Ал мага эки уул төрөп берет. Уулдарым эр жетип, талаамды иштетишет. А мен болсо терезеден алардын жасагандарына көз салып турам.
— Эй балдар! — деп кыйкырам аларга.- Малайларды жакшылап иштеткиле. Анан өзүңөр да жакыр жашаганыңарды унутпагыла! – деп катуу кыйкырып жиберген экен, чочуган коён булт коё качат. Ошентип куру кыялга баткан киши алаканын тарс чаап, бозала бойдон туруп калыптыр.
Ир деп коупсунар