КУРДАШ ЧЫЧКАНДАР

Эки чычкан узак жылдар бою курбу-курдаш болгон экен. Бири тоодо, бири мунара башында жашаптыр. Бирок экөө бири-бириникинде мейманда болбоптур.

Тоодо жашаган чычкандыкында ун, талкан, эт-май толо, а мунара башында жашаган чычкан эптеп өлбөстүн күнүн өткөрчү экен.

Тоолук чычкан бир күнү мунара башындагы курбусун коноктоп, төгүлүп-чачылып сыйлап, көйнөк-көчөк берип узатат.

Читать далее КУРДАШ ЧЫЧКАНДАР

КҮКҮК МЕНЕН ЗЕЙНЕП

Илгери-илгери  бир  куш  жыгачтын  башына  уя  салып,  эки  балапан чыгарат.  Ал  балапандардын  биринин  аты – Күкүк,  экинчисинин  аты – Зейнеп экен. Балапандар бат эле чоңоюп, уядан учууга жакындап калат.

Учуп  кетүү  алдында  Күкүк  менен  Зейнеп  даярдык  көрүп,  алмак-салмак канаттарын күүлөп, машыга баштайт.

Читать далее КҮКҮК МЕНЕН ЗЕЙНЕП

КАРЫЯНЫН НАСИЯТЫ

Бардар жашаган бир адыгейдин жалгыз уулу болуптур. Атасы өлүм алдында жатканда уулун чакырып минтип айтат: «Сага айтар үч насыятым бар, сен аны өмүр бою аткаргының: эч качан саламды биринчи айтпагының; күндө кечинде таттуу тамактан; күндө эртең менен бут кийим жаңырт».

Читать далее КАРЫЯНЫН НАСИЯТЫ

КАРКЫРА

Каркыраны силер, балдар, билесиңерби? Билесиңер!

Буту узун, мойну узун, учат. Ии, ошол. Ошол каркыра деген куш ааламдагы бүт канаттуулардын падышасы болгусу келет экен да, анан ошол максатын ишке ашыруу үчүн дүйнөдөгү канаттуулардын баарын чакырат.

Баары келишет. Бирөө гана жок. Такташса, ал баарынан кичинеси, тырмактай гана канаттуу. Анын аты Буксэргинэ эмес беле дешет. Булбул сыяктуу, кол башындай, ыры токтобогон, чырайлуу чымчыкка эмне болду?

Читать далее КАРКЫРА

Кайнатасына жаккан келин

Үйүндө бакчасы гүлдөгөн чал болуптур. Бакчасында кайналы толо өсчү экен. А үйүндө жыйырмага чыгып эр жеткен уулу болуптур. Үйлөнтүш керек дейт уулун.

«Тарбиялуу, мээнетчил уул өстүрдүм. Эми ага жакшы колукту таап берүү парзым калды. Уулума ылайык колуктуну кайдан тапсам экен?» деп ой басат камкор атаны.

Читать далее Кайнатасына жаккан келин

Коён неге ыйлады?

Кар коёнго айтат:

— Менин негедир башым ооруп калды да…

— Менимче сен бир четиңен эрип жатсаң керек. Ошого башың ооруп аткандыр. – Коён карга ушинтип айтты да, дүмүргө отуруп алып ыйлап кирди: – Сен жок мага кыйын болот, аппак карым. Сенин үстүңө чыгып алып секирип-секирип сыраңдап ойнойт эмес белем. Эми кантем? Эми мени ким сактайт? Түлкү келатса да, карышкыр келатса да, киши келатса да сени оюп, ичиңе кирип кетип кутулчу элем да.

Читать далее Коён неге ыйлады?

КОЖО ЖАНА АНЫН ЭШЕГИ

Илгери дейт: жер үстүндө шайыр-шатман Кожо деген жашаптыр. Анын кылык-жоруктары эл оозунан түшпөптүр.

Бир мерте анын эшеги жоголот. Кожо аны издеп жөнөптүр. Көпкө издейт. Таппайт. Жер жуткансып жоголот. Күн батайын деп калат. Күүгүм да кирет. А эшек жок.

– Э кудай, сага сөз берем… – дейт Кожо, – эшегимди таап бере көр. Агер таап берсең, эшегимди эртең эле базарга апарып бир сомго сатат элем.

Читать далее КОЖО ЖАНА АНЫН ЭШЕГИ

КҮКҮК

Жашоодо бир бечара эне болуптур. Анын кум кулак төрт баласы бар экен. Эртеден-кечке оюндан омурткалары сынганча кар менен ойногонун коюшпайт.

Жашагандары алачык. Ошол алачыкка келгенде кийимдерине касабала кар жабыштырып келишкеничи. Сырттан кирген карды эне кургур тазалап, балдарынын кийимдерин кургаткан түйшүгүн тартканы канча.

Читать далее КҮКҮК

КОРОЛДУН ТУТКУНДАРЫ

Качандыр бир заманда Италияда шаар жок болсо деле королдук, королдук болбосо деле король сөөлөтү болуптур. Ошондой шаардын биринде картаң король көз жумат да, анын таажысы уулуна кийгизилет.

Жаш король ишти адегенде эле өз ээлигиндегинин баарынын эсеп-кысабын алуудан баштайт. Аны биринчи министр менен башкы кеңешчи коштоп, ак куласын алчыңдата теминип өлкөсүн кыдырса, кыйратчу деле дөөлөтү жок экен. Жарым күн кыдырды. Күн уясына оогонго жетпей эле сепилине кайтты.

Читать далее КОРОЛДУН ТУТКУНДАРЫ

Кереметтүү үч белек

Эки биртууган жашаптыр. Улуусунун үч уулу, кичүүсүнүн жалгыз кызы болот. Улуусу бир күнү көз жумат экен. Анан анын үч уулу авасыныкына келип, минтип айтышат:

– Аваке, кызыңызга үйлөнөлү деп, биз анын колун сурап келдик.

– Менин кызым жалгыз болсо, а силер үчөөңсүңөр, – дейт кыздын атасы. – Жалгыз карагымды үчөөңөрдүн кимиңерге бермек элем? Мегиле, колуңарга үч жүз рупий берейин, муну өз ара бөлүшүп, соода ишин кылгыла. Кимиңердин итиңер чөп жесе, кызымды ошонуңар аласыңар.

Читать далее Кереметтүү үч белек