Түлкү менен кашкулак достошуп, бирге жашай баштайт. Бир ирет алардын жолдору болуп сүрсүтүлгөн май куйрук таап алышат. Не бар, не жок деген экөө куйрукту жеп салбастан кыйын күндөргө сактап коюшат. Бирок бир күнү түлкүнүн куйрук жегиси келип, кашкулакка кайрылды:
— Кел, куйрукка мелдешебиз: кимибиз эң кызыктуу түш көрсөк, аны ошонубуз жейбиз.
Кашкулак макул болуп, уйкуга баш коюшту. Ал дароо эле уктап кетти. Түлкү болсо куйрукту шашпай жеп алып, анан коңурукту кош тартууга киришти. Бир кезде кашкулак туруп, түлкүнү ойготуп мындай деди:
— Анда эмесе түкө, түшүңдү айта бер!
— Жок, сен биринчи ойгондуң, сен баштап айт,- деди түлкү.
— Мен бир керемет түш көрдүм, андай түш сага өмүрү кирбейт. Түшүмдө мен ханзааданын үйлөнүү тоюнда эң ардактуу конок катары отуруптурмун. Алдымда дүйүм тамак үйүлүү экен: кайсы бирин жээрди билбей көзүмө жакшы көрүнгөнү менен колума урунганын ашап аттым.
— Мен дагы түшүмдө ошол эле үйлөнүү тоюна барганым менен сенчилеп төрдүн төбөсүнөн орун албай, улагада эптеп отуруптурмун. Анысы аз келгенсип жаңы эле ашка колум тиерде ойготуп жибербедиңби, ачка бойдон калдым. Сендей тойдон тоюп келген кашкулакка жаман куйруктун эмне кереги бар?! – деп түлкү куйрукту бүкүлү жутуп жиберген экен.