Жолоочунун жолунан үч караан кезигип калат. Аларды көргөн жолоочу:
– Кутмандуу күнүңөр менен! – деп өтүп кетет.
Тиги үчөө «саламды сага эмес мага айтты» болуп өз ара кыжыңдашып, жолоочунун аркасынан бирөөсү жүгүрүп жетип сурайт:
– Сен үчөөбүздүн кимибизге кутмандуу күн кааладың?
Жолоочу таңгалып сурайт:
– А силер ким болосуңар?
Тигилердин бирөөсү айтат:
– Мен – Күнмүн!
Башкасы айтат:
– Мен – Аязмын!
Үчүнчүсү айтат:
– Мен – Шамалмын!
– Шамал болсоң, демек Шамалга айттым кепти.
Күн айтат анан жолоочуга:
– Мен сени нурума кактап какшытам.
Шамал айтат:
– Коркпо, мен сени ысыктан коргоп, желдетемин.
Аяз сүйлөйт каарданып:
– Мен сени кышында тоңдурбасам элеби!
Шамал айтат Аязга:
– А мен сени тоңдуруп таштаймын. Мен бурганактачу болсом, заматта жок болосуң. Анан жылуулук башталат, – деген экен.