Датасы: 02.06.2022
Формат: mp3

Сүйсөн мени бул жерге
Таштап кете албайсың
Унутам деп алдаба
Унута да албайсың

Канатыңа канатмын
Бийиктерге бирге учкан
Жалгыз таштап сен мени
Эркин уча албайсың

Кайырма:

Жарыңмын жаныңмын
Жаркыраган таңыңмын
Жанымдын жарымы
Жаркыраган айымы

Сүйсөн мени бул жерге
Таштап кете албайсың
Унутам деп алдаба
Унута да албайсың

Максатыбыз бир биздин
Ойлорубуз бир биздин
Сөздөрүбүз бир биздин
Жүрөгүбүз бир биздин

Мен өзүңдү эч качан
Таштап кете албаймын
Сен анткени жашоомдун
Мазмунусуң ар дайым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *