Датасы: 03.08.2020
Формат: mp3

Өмүрдү барктап, сезбеген арбын,
Балким кебирлер түшүнөт баркын.
Кимдир бирөөгө аесуз курсуң,
Кимдир бирөөгө аябай зарсың

Кайырма:
Өмүр, өмүр биз деп жанасың
Өмүр, өмүр ойго саласың
Өмүр, өмүр колуңда сенин
Кимди, кай жерден, качан аласың

Таталбай өмүр даамын кетирип,
Жүргөндөрдүн бул күндөрдү эскерип.
Ойлоп алып мен да бир күн кетерим
Жаш жүрөгүм жашагымды келтирет.

Кайырма:
Өмүр, өмүр биз деп жанасың
Өмүр, өмүр ойго саласың
Өмүр, өмүр колуңда сенин
Кимди, кай жерден, качан аласың

Адамдык бизде пейил оңолбой,
Эскирип барат такыр колдонбой.
Убактылуу күндү гана өткөрүп,
Жүргөндөйбүз көп нерсени ойлонбой.

Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *