Датасы: 10.04.2020
Формат: mp3

Агылган күнгө булактай,

Жагылган түнгө чырактай,

Ырыстан бүткөн ырым бар,

Ырдайын бугун суратпай.

Баталы кызыкка, бар мына музыка!

Кайырма:

Ачылам бул кечте, чачылам бул кечте,

Суурулуп жүрөктөн, сунулат ыр десте.

«Кыргыз» деп ырдалат, «Жылдыз» деп ырдалат.

Кошулуп ырдасаң, көңүлүң нурданат,

Омуруң нурданат…

Кадырлуу журттун байлыгы

Канаттуу ырдын кайрыгы.

Учалы бирге, замандаш,

Унутуп дилде кайгыны.

Жаныңды ысыта, жаңырсын музыка!

Кайырма:

Ыдырай бербей чочунуп,

Ырдасак бирге отуруп,

Биримдүү элден болобуз,

Дилибиз дилге кошулуп.

Буйрунду кызыта, бүтпөсүн музыка.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *