Датасы: 28.01.2023
Формат: mp3

Жүрөгүмдүн түпкөрүндө сен жашайсың
Жаркылдап кайра кайра сен арбайсың
Суктантып суктандырып сен жүрөсүң
Жакшына мени карап сен күлөсүң

Күлүм менин асыл кечим
Жашоомо сен керексиң
Жаным менин жакшым менин
Демиме дем бересиң

Кайырма:

Бакыт гүлүм менин байлыгымсың сен
Бал өмүрдүн бир берилген бакыт кушу сен
Татынакай менин таалайымсың сен
Жаркылдаган бул жашоомдун мазмунусуң сен

Сезимди сен черткилеп акылдарым
Тазасың тоо суусундай эң кымбатым
Тагдырда тапканым да бир өзүсүң
Балбылдап жанып турган көзүмсүң сен

Эркем менин эркелечи
Сүйөмүн жалгыз сени
Бактым менин сүйүүм менин
Башкага бербейм сени

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *