Датасы: 17.04.2020
Формат: mp3

Кара көзүм кайдан сага жолуктум
Караколдон карегиме толупсуң
Карлыгачтын канатындай каш кагып
Капысынан жүрөгүмдү ооруттуң

Кайырма:
Эй, кандай сулуу бүт баары
Караколдун кыздары
Кыйбай артка кете албай
Кылчактайбыз биз дагы
Жымындашып жылдыздай
Жыргап көңүл куштары
Карагыңды келтирет
Караколдун кыздары

Түрдөнөсүн көйнөгүңдөй булактап
Кылыктанып карматпайсың кылактап
Ортобузда кол тийбеген алыстык
Ойлонсом да жетким келет бир аттап

Кайырма:

Сагынычым жүрөгүмдү эзгилеп
Сага деген санаа менен кеч кирет
Ырларымды сени көздөй узатам
Ысык-Көлдүн шамалындай өпкүлөп

Кайырма:
Эй, ырас сулуу бүт баары
Ысык-Көлдун кыздары
Кыйбай артка кете албай
Кылчактайбыз биз дагы
Жымыңдашып жылдыздай
Жыргап көңүл куштары
Карагыңды келтирет
Караколдун кыздары

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *