Датасы: 17.04.2020
Формат: mp3

Көрүнүп көзгө дапдайын,
Көчөдө жалгыз ак кайың.
Жалдырап турат сумсайып,
Кар басып бутак, шактарын.
Жалдырап турат сумсайып,
Кар басып бутак, шактарын.

Ал эстейт жайдын кечтерин,
Адырды гүлдөр сепкенин.
Кыз-жигит келип түбүнө,
Кыналып турган кездерин.
Кыз-жигит келип түбүнө,
Кыналып турган кездерин.

Көңүлгө көңүл кезигип,
Көңүлдөң көңүл эзилип.
Какканы эки жүрөктүн,
Кайыңга турчу сезилип.
Какканы эки жүрөктүн,
Кайыңга турчу сезилип.

Ак карлуу карды жамынып,
Аяздан күчөп камыгып.
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.
Сумсайып турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *