Датасы: 03.05.2020
Формат: mp3

Керме каштуу селкилерге сунуп урматын,
«Кыргыз кыз» деп жар салат ырчы Нурматың.
Жыгылсам таяган, жалооруп аяган,
Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым.

Кайырма:
Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы,
Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады?
Ажары ченелбес, айга да теңелбес,
Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары.

Каректери таң сыяктуу атса кылайып,
Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып.
Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган,
Кыргыздын бир кызы мага ылайык…

Кайырма

Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым,
Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын.
Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү,
Апама алпарып келин кылайын.

Кайырма

Нурмат Садыров-Кыргыз Кыздары клипи

https://youtu.be/p_KOP1Tz3zs

Нурмат Садыров-Кыргыз Кыздары караоке

https://youtu.be/GESl_lhpNP4

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *