Датасы: 17.05.2020
Формат: mp3

Секин, секин билгизбей

сени бойго жеткирген –

секет кетким келет-

ов сезимтал бу мезгилден!

Ат чаап барып эңе алгыс акак гүлсүң, Айданек.

Агайыңдын дардинда жашап жүрсүң, Айданек.

Кайырма:

Мончогуңду мойнуңдан санайынчы, Айданек?!

Көлөкөңдү көтөрүп алайынчы, Айданек?!

Майда шибер, майин жел мамык болот, Айданек.

Бир кашкайсаң – бир кылым жарык болот, Айданек.

Кунан минип куушуп биз, курдаш болуп өссөкчү?!

Шыбыраарда бир жыттап, сырдаш болуп өтсөкчү?!

Улууларга зор таалим – уялганың, Айданек.

Улуулуктан тайдырат буралганың, Айданек!

Кайырма:

Мончогуңду мойнуңдан санайынчы, Айданек?!

Көлөкөңдү көтөрүп алайынчы, Айданек?!

Майда шибер, майин жел мамык болот, Айданек.

Бир кашкайсаң – бир кылым жарык болот, Айданек.

Аскат Мусабеков-Айданек клипи

Аскат Мусабеков — Айданек тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *