Датасы: 09.07.2020
Формат: mp3

Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.

Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса,
Жарга жетпей жигит жалгыз жатпаса.
Кайсы кызга кадалбасын карегим,
Баары бөлөк, баары сенден башкача.

Кимден калган табигатка таарыныч,
Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш.
Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат,
Өзүмдөгү сага деген сагыныч.

Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.

Асанкалый Керимбаев — Сендей мага тексти: 3 комментарий

  1. Өттө эле кыска ырдалыптыр .Мен эми эле текстин карап ырдап жатат элем тез эле бүтүп калса басылып кетиби депмин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *