Датасы: 11.07.2020
Формат: mp3

Тоолордо ак мөңгүсү жаркыраган,
Таш-ташка суусу тийип шаркыраган.
Абасы атыр чачып, гүл жыттанып,
Ажайып жанга кубат тартуулаган.

Кайырма:
Айылым ай, жарыгым ай,
Ар дайым сенде менин дайыным ай.
Айылым ай, байырым ай,
Алыстан эстеп сени, сагындым ай.

Чаң жутуп, көпөлөк кууп кырдан кырга,
Суу болгон оюн ойноп ак жамгырда.
Балалык ойго түшсө кусаланып,
Апамдын нанын эңсейм, ак тандырда.

Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *