Сырын катып ичиңен тумжурайсың,
Сынап мени дайыма унчукпайсың.
Санаа тарткан жүрөктү жабыркатып,
Табышмактай, зааркантат ушундайың
Көтөрүлгөн шамалга жалбырактай,
Таарынычың көңүлдү чаркка айлантат.
Айтпасаң да көзүңдөн көрүп турам,
Сезимдерди сендеги мен аркалап.
Көңүлүмдү сыздаттып оорутпачы,
Суусуз чөлдөй суусатып соолутпачы.
Ырыспайдын ырындай издеттирип,
Муңга толгон кайрыкка торутпачы.
Абдыманап Төрөбеков — Сезимдер тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 298