Мен энемди көрбөй калсам сагынам
Миң эркелеп чыккым келбейт жанынан
Ооо атамдар биз энени сыйлайлычы
Эне ыйык эне кымбат баарынан
Бул дүйнөдө эң кымбатым менимсиң
Кайда жүрсөм көз алдымда элесиң
Ак тилиңден ак сүтүмдөн актаар деп
Балаң үчүн өмүр арнап келесиң
Кайырма:
Энекем
Сени мен сыйлаймын
Ай энекем энекем
Сен үчүн ырдаймын
Энекебай кылган ишиң теңдешсиз
Бир мен үчүн баардыгына билимсиз
Балаң үчүн түн ортосун миң бөлгөн
Эң кымбатым мен ыйыгым энемсиз
Кайырма:
Энекем
Сени мен сыйлаймын
Ай энекем энекем
Сен үчүн ырдаймын
Мага берген ак сүтүңдү актаймын
Өзүң айткан ак жолуңдан жазбаймын
Кара кебин капка салгың дегенде иий
Накыл сөзүң жүрөккө бек сактаймын
Кайырма:
Энекем
Сени мен сыйлаймын
Ай энекем энекем
Сен үчүн ырдаймын
Адеми Урматбекова — Энекем тексти
Датасы: 28.02.2025 Көрүүлөр: 7430
Баары туура
Сонун каталог жок
Сонун каталог жок
Сонун каталар жок