Кара көйнөк,кара шым
Бир-бирине жарашып
Илип алдың көзүмдү
Кадамыңды санатып

Көздөрүң көл карасам
Чөгүп эле баратам
Кызарып көзгө урунат
Кулпунайдай помадаң

Кара-кара-кара чачтуу мадам-мадам
Кериле басканыңыз марал-марал
Мейли азыр койбосоң да карап-карап
Акыры сага бир күн жагам-жагам

Кыры колду кесчүдөй
Көйнөгүңдүн жакасы
Такылдап ойду бурат
Туфлиңдин такасы

Ашык болду көңүлүм
Жүргөнүңө кычырап
Мас болду эх жүрөгүм
Атырыңдын жытына

Бекжан Темирхан — Мадам тексти: 14 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *