Датасы: 06.10.2020
Формат: mp3

Атам, энем, карааныңдан садагам,
Сансыз ойго батып келдиң санаага.
Арбын жылдар жолуңарда миң азап,
Өмүрүңөр арналды го балаңа.
Атам, энем, таалай бактым, берекем,
Эбегейсиз эмгегиңер зор экен.
Экөөңөргө карыздармын арылгыс,
Алкап турчу пейилиңер кең экен.
Атам — түркүк, аска-зоодой, медерим,
Ачтың жолдун кызың үчүн кененин.
Бир күнчөлүк ак сүтүңө энекем,
Арзый белем жаным курман берейин,
Атам, энем, ыйыксыңар медерим.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *