Көлдүн үстү, толкунду араладым,
Өмүр учун канткенде таба аламын?
Кандай кылам, көлдөгү жалгыз кайык,
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың.
Канат шилтеп баратам түгөй издеп,
Табигаттын татына жытын искеп.
Кубаныч күтүп, үмүттө жашасам да,
Кыйын экен жете албай, үмүт үзбөө.
Көл бетинде балбылдап жанат жарык,
Кумарланам көрмөккө сүзүп барып.
Мага булгап жоолугун ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Айар — Көл үстүндө тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 1764
«үмүт үзбөй» деген жери «үзбөө» деп жазылып калыптыр. Кичи пейилдике оңдоп коюңузчу Айар. Бул ырдын автору менин атам Ала-Тоонун алп акыны Турар Кожомбердиев.
Үнүңүзгө береке! Бали! Бали! Сонун! Мыкты! Акын Турар Кожомбердиевдин жана бул ырдын обонун жазган кыргыз элинин эң мыкты диктору жана композитору Жолдубай Кайыповдун арбактары ыраазы болсун. Чоң рахмат айтам! Клип кылып чыгарып, YouTube чыгарат деп чыдамсыздык менен күтөм.
Бир эле эмес текстин каталар көп эле экен.
Катасыз текст:
КӨЛДҮН ҮСТҮ
Көлдүн үстү, толкунду араладым,
Көңүл үчүн канткенде таба аламын?
Кандай кылам, көлдөгү жалгыз кайык,
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың. (2)
Канат шилтеп баратам түгөй издеп,
Табияттын татына жытын искеп.
Кубаныч күтүп, үмүттө жашасам да,
Кыйын экен жете албай, үмүт үзбөй. (2)
Көл бетинде бүлбүлдөп күйүп жарык,
Кумарланам көрмөккө сүзүп барып.
Мага булгап жоолугун ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык. (2)