Датасы: 18.04.2020
Формат: mp3

Сөзү : Аскар Исаевдики
Обону : Атайбек Бодошевдики

Закылдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстер.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп.

Бүлдүркөн терсек сыдырым,
Сылаган жүзүң кыдырып.
Эркелеп тостун ошондо,
Тентисе тентек сыдырым.
Сыдырым болбой эмне деп,
Ичимден тынгам сызылып.

Балдыркан терсек караган,
Балтырың чийип канаган.
Карабай ага кечкенсин,
Суктантантып сууга жалаган.
Суу болуп калбай эмне деп,
Ойлорго чөккөм ааламат.

Эзелки ойлор аламан,
Булуттай ээрип тараган.
Жаштыктын жашыл ээлеси,
Эмгиче кетпейт санаадан.
Азыр да жүрөк зырп этет,
Кызгалдак көрсөм талаадан.

Айбек Касымов — Эңсөө клип

Айбек Касымов — Эңсөө тексти: 29 комментарий

  1. Айбек жакшы ырдайт, обону ыр абдан сонун чыгарган, Атайбек Бодошов

      1. Катанар абдан коп.1)Закылдап эмес,ЗАКЫМДАП.тушуроп деген эмне соз?2)ТУШУМДО ЖУРОМ АРАЛАП.3)булдуркондукыдырып терет,сыдырым жел аламдын жузун сылайт.»Сыдырым» дегенди»кыдырып»ка алмаштыргыла.

  2. Катасы коп эле ырчы бирок ошондой ырдап ататго,Алимбек мырза туура жазды сыдырым-кыдырып, закылдап-закымдап, тушуроп деген соз жок тушуркоп калыптыр деп коет малга таандык. Автор ОЗУ ондоп чыгыш керек деп ойлойм 1-2-куплеттин 2,3,4 текстин. Обону сонун Бодошев агайыбызга таандык. Рахмат.

  3. Катасы коп экен бирок автор ошондой ырдап жатат. Алымбек мырза туура айтты сыдырым-кыдырып, закылдап-закымдап, тушуроп деген соз жок, «тушуркоп» малга таандык соз. Автор 1-2 куплеттин текстерин ондоп койсо болот. Обону сонун Бодошевдики. Рахмат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *