Датасы: 18.04.2020
Формат: mp3

Сөзү : Аскар Исаевдики
Обону : Атайбек Бодошевдики

Закылдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстер.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп.

Бүлдүркөн терсек сыдырым,
Сылаган жүзүң кыдырып.
Эркелеп тостун ошондо,
Тентисе тентек сыдырым.
Сыдырым болбой эмне деп,
Ичимден тынгам сызылып.

Балдыркан терсек караган,
Балтырың чийип канаган.
Карабай ага кечкенсин,
Суктантантып сууга жалаган.
Суу болуп калбай эмне деп,
Ойлорго чөккөм ааламат.

Эзелки ойлор аламан,
Булуттай ээрип тараган.
Жаштыктын жашыл ээлеси,
Эмгиче кетпейт санаадан.
Азыр да жүрөк зырп этет,
Кызгалдак көрсөм талаадан.

Айбек Касымов — Эңсөө клип

Айбек Касымов — Эңсөө тексти: 27 комментарий

      1. Катанар абдан коп.1)Закылдап эмес,ЗАКЫМДАП.тушуроп деген эмне соз?2)ТУШУМДО ЖУРОМ АРАЛАП.3)булдуркондукыдырып терет,сыдырым жел аламдын жузун сылайт.»Сыдырым» дегенди»кыдырып»ка алмаштыргыла.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *