Датасы: 07.12.2024
Формат: mp3

Карегиң балбылдаган
Карасаң жан жыргаган
Керемет өзгөчөсүң
Жарыгым жаркылдаган

Ойлоруң таза бойдон
Жан дүйнөм бала бойдон
Суктанып далай акын
Жакшы ыр жаза койгон

Көркүңө көз тойбогон
Кылыгың жөн койбогон
Кайда деп махабаттым
Азыр да көп ойлоном

Жүрөктү жаралапсың
Жанымды аябапсың
Ардагым кайда болбо
Аллага аманатсың

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *