Датасы: 27.05.2024
Формат: mp3

Тынч жатпадым,түйшөлүп тынч жатпадым
Сен келчүдөй,эшикти кылчактадым
Келбээриңди кылт этип ойго салып
Жалгыздыктын жаздыгын кучактадым

Кайырма

Арманым бар эч кимге айта албаган
Арманым бар эч кимге байкалбаган
Күн өткөрөм ичимден сызган бойдон
Жүрөгүм сынган бойдон
Кантем анан,кантем анан

Күйүт кошо көздөн жаш ылдый агып,
Жалгыздык деп аталган чолдо калып.
Алыс жактан термелип чалкып турсаң
Адашыпмын мен сени көл деп алып

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *