Сен күлүп кой бар болгонума карап
Капысынан көрүп калсаң мени байкап
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн жылуулук карап
Эркелетчи эркелетчи көңүлүңдөн жүзүм сынап
Кайырма:
Сүйөм десем кызганууга акың барбы
Сүйбөйм десем жүрөгүмө буйрук барбы
Сен да сүй башка жанды бирок дагы
Жактыралбайм жактыралбайм
Сени мендик деген жанды
Сен жүрөктүн чалкып жаткан деңизинде
Кайык сымал калкып сүзөт тереңинде
Кусаланып кучагыңды эңсегенде
Келчи эркем келчи эркем
Жүрөгүмө керегиңде
Кайырма:
Сүйөм десем кызганууга акың барбы
Сүйбөйм десем жүрөгүмө буйрук барбы
Сен да сүй башка жанды бирок дагы
Жактыралбайм жактыралбайм
Сени мендик деген жанды
Эн сонун
Ото таасирлууу экен