Апакебай, майрамыңыз кут болсун,
Ушул күнү үйүңүзгө кут толсун!
Балдарыңыз чогуу болуп сиз менен,
Дасторкондо дүйүм-тамак бүт болсун.
Кайырма:
Жаныңызга тирек болуп атабыз,
Оорубаңыз, дагы көпкө жашаңыз.
Урмат-сыйын неберенин көргүлө,
Баарыбызга тийсин сиздин батаңыз!
Бүт тарттыңар жаш кезекте мээнетти,
Көргүлө эми карыганда дөөлөттү.
Көрбөгүлө жамандыгын балдардын,
Капа кылып, көңүлдөрдү чөгөртчү.
Кайырма:
Тынчтык болсун элибизде ар дайым,
Эл ичинде силер аман болгула.
Кызыңардын арзыбаган каалоосун,
Аз да болсо кабыл алып койгула.
Кайырма:
Айнура Салахидинова — Апакем тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 935