Датасы: 21.09.2020
Формат: mp3

Өзүмдөн өзүм адашам,
Өзгөчө мени карасаң.
Өзүңсүз толуп жүрөгүм,
Өрт болуп күйүп баратам.
Сүйлөсөм сөздөн адашам,
Сен дайым мени карасаң.
Сүйүүгө толгон жүрөктүн
Сырларын кантип мен ачам?

Кайырма:
Көздөрүң кадалат,
Жүрөктү жаралап.
Негедир азгырат
Күнөөсүз махабат.

Канча бир мүнөт санасам,
Кайдадыр учуп баратам.
Кайгыга толгон жүрөктү
Канткенде сага мен айтам?
Ай чыгып, күн да кеч батат,
Ойлорум менен таң атат.
Арналаган сага жүрөктө
Ушул ыр болсун бет ачар.

Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *