Бүркөлүп, кайра ачылып алмашылган,
Жайлоонун күнүнө сен окшош элең.
Мөлтүрөп таза, тунук агып жаткан,
Сен анда тоонун тунук булагы элең.
Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм,
Таарындың, терс бурулуп кеттиң басып.
Чегинде үмүт менен түңүлүүнүн,
Чачылып, жыйнала албай турдум катып.
Жок жерден күлкү таап күлчү элек,
Жарк этип чагылгандай өттү ал кез.
Мөндүргө айланды го күн себелеп,
Ак күндөр сагынычка саргайды дейм.
Кайырма:
Жүрөмүн сыр билгизбей сызып ичтен,
Окшотуп көрүнгөндү карап улам.
Ойгонсоң түн ичинде чочуп түштүн,
Үн болуп кулагыңа мен угулсам.
Кайырма: