Датасы: 13.09.2020
Формат: mp3


Ош кандай сонун Ош,
Ош баардыгынан кооз.
Суктанам керемет көркөмүңө,
Кубанам мен сени көргөнүмө.
Аярлап чачымдан сылап шамаал,
Айлымдай мен сага көнгөнүмө.

Кайырма:

Болсоңуз бош келип кет дос,
Эң ыйык сулуу шаар Ош.
Келңиз кош, келип кет дос.
Эң ыйык сулуу шаар Ош.

Ош ак-жолтоюм Ош,
Ош ак жүрөгүм Ош.
Ар күнү атылган аппак таңым,
Аманда табылбас таалай багым.
Байырлап өзүңө келгенимде,
Бактысын ачкансың далайлардын.

Кайырма:

Болсоңуз бош келип кет дос,
Эң ыйык сулуу шаар Ош.
Келңиз кош, келип кет дос.
Эң ыйык сулуу шаар Ош.

Ош эң байыркы Ош,
Ош эл байлыгы Ош.
Өзүңсүң меймандос пейли кенен,
Жок дебей баардыгына мейли деген.
Өмүрүм өткөнчө сыймыктанам,
Өркүндөп өсөбүз сени менен.

Кайырма:

Болсоңуз бош келип кет дос,
Эң ыйык сулуу шаар Ош.
Келңиз кош, келип кет дос.
Эң ыйык сулуу шаар Ош.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *