Датасы: 28.08.2020
Формат: mp3

Сезим оту үмүт берет,
Тагдырлашым сүйүп келет.
Жүрөк куунак согуп турса,
Ушул жашоо бакыт демек.
Ар бир күнүм күлүп турат,
Жүрөк ээси көңүл бурат.
Алоолонсо махабатың,
Сүйүү дайым бакыт курат…
Аралап мезгил ак сүйүү издедим,
Ашыгым менин — бактымсың сен менин,
Өзүңдү жандап капалык сезбедим,
Бир сенден издедим бакыттын издерин…
Күткөн жүрөк сүйүү табат,
Бакыт изин сүйүү салат.
Жетелешип жүрөт тура,
Бакыт менен бир махабат.
Сезим улам жалындаса,
Табышкандар жаңылбаса,
Бакыт анда үйүн салат,
Эки жүрөк жакындаса..

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *