Датасы: 19.05.2024
Формат: mp3

Негедир бардыгын жеңсем да,
Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин.
Мелтиреп үн-сөзсүз муңайым,
Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн.

Өзүңдү эч кимге бербеймин
Өмүрдө болбостур арманым
Эңсетип табылган бактым сен,
Эркетай асылым ардагым

Кайырма:
Бактыма нур чачкан жарыгым,
Башканы мынча не көрбөймүн.
Мейли ким кандай деп айтса да
Мен сени эч кимге бербеймин.

Жаралып кайрадан өмүргө,
Жашоого экинчи келбеймин
Андыктан дүйнөдө асылым
Мен сени эч кимге бербеймин

Негедир бардыгын жеңсем да,
Сүйүүнү мен эмне жеңбеймин.
Сезимим делбиреп табышмак
Сен деймин, сен деймин, сен деймин.

Кара көз асылым ардагым,
Капилет карегим арбадың.
Көргөндөй болдуңбу сен дагы,
Көзүмдө сүйүүнүн жанганын.

Айтурган Абдразакова — Мен сени эч кимге бербеймин тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *