Айтурган Эрмекова — Балама тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекем деп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.
Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим.
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.
Самаганда жетер кулачым,
Сагынганда жыттаар кубатым.
Башкаларга эч бир алмашпас,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1577
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти317
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти196
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти115
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти89
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти74
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти66
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти50

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.