Кайырма:
Төкчү, төкчү жазгы жамгыр,
Сүйгөнүмдүн арманын
Нөшөрүңө дирилдеген,
Жалбырактар ыйласын
Жакшы көрөм, жаздын жытын,
Кызгалдактар аңкыган.
Делебелди козгоп келет,
Жаз жамгыры тамчыга.
Кайырма:
Төкчү, төкчү жазгы жамгыр,
Сүйгөнүмдүн арманын
Нөшөрүңө дирилдеген,
Жалбырактар ыйласын
Көргөнсүймүн элесиңди,
Ак куу сымал учкансыйт
Жоогазындай кош көздөрүң,
Мага карап тургансыйт.
Сырдуу бакта басчу элек,
Кыялдарга чөмүлүп.
Сагындырат ошол күндөр
Ак жамгырдай төгүлүп.
Сүйөм десең жүрөк туйлап.
Мен бактылуу сезилип
Кайтып кетти ошондогу
Махабаттым бөлүнүп
Кайырма:
Айтурган Эрмекова — Төкчү, төкчү тексти
Датасы: 28.08.2020 Көрүүлөр: 1559