Датасы: 02.10.2020
Формат: mp3

Айрымдарга жагар, мүмкүн, жакпаса,
А мен үчүн ыйык нерсе ак бата.
Кылымдарды келе жаткан карытып,
Неге болбойт жакшы салтты сактаса?
Карап турсаң ак сакалдуу адамды,
Суу куйганда алкап сенин балаңды.
«Өмүрлүү бол, таалайлуу бол, садага,
Эл уулу бол!» деген сөзү жаманбы?
Же ымыркай көз жарганда жаңыдан,
Ата-энеси бата тилейт баарынан.
Неси жаман, келген элдер деп турса:
«Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган».
Бакыт тилеп, таалай тилеп, бак тилеп,
«Эл уулу бол!» деген кандай жакшы кеп!
Бул тилектер — адалдыкка чакыруу,
Тилеп жаткан адамдарга ак тилек.
Бул тилектер — дилдердеги тазалык,
Ошондуктан карылардан бата алып.
Кандай сонун болор эле деп ойлоймун,
Кала билсек элдин уулу, кыргыз уулу аталып!

Айымжан — Ак бата тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *