Айылдын төркү жагынан,
Ашыгып канча каттадым.
Албырып жүрөк токтобой,
Ак Бермет (гана) сени мактадым.

Көрсөм деп тартат көңүлүм,
Пахтаны терип жатканын.
Көрүнүп койчу көзүмө.
Пахтадай сулуу аппагым.

Акылым менен байкасам,
Кимдерге сени теңесем.
Таң нурунда ачылган
Гүлдөргө (гана) сени теңесем.

Эки бир колу тең, иштеп,
Автомат экен Ак Бермет.
Күнүгө алты норманы
Аткарат экен Ак Бермет.

Алтынды терип бүтүрүп,
Шаттанат экен Ак Бермет.
Иштеген иши тууралуу
Мактанат (гана) экен Ак Бермет.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *