Ак туйгун менмин талпынган,
Ак пери сенсиң калкымдан.
Айланып алыс кетпеймин,
Ак пери сындуу жаркындан.

Табышың күмүш үнүндөй,
Таасирин жаздын күнүндөй.
Таалайга жалгыз бүткөнсүң,
Талаанын кызыл гүлүндөй.

Карашың канды кайнатат,
Кадырың тилди сайратат.
Кайыктай жүргөн жел кыял,
Канткенде тынчып жай жатат.

Сүйгүзсөң алтын сүйөйүн,
Сүлдөрүм калсын күйөйүн.
Сүйгөнүм бөлөк калган деп,
Сүйбөсөң зарлап жүрөйүн.

Ак туйгун болсом чөлдөгү,
Ак өрдөк болсом көлдөгү.
Ак селде тоодон айланып,
Ак көлдөн келсем көргөнү.

Ак жибек болуп чубалсаң,
Ак көбүк болуп мунарсаң.
Ак жибек жайып тор кылып,
Ак толкун кечип кубансам…

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *