Датасы: 24.10.2019
Формат: mp3

Жан дүйнөмдө күнүм бар тийип турган,
Жүрөгүмдө сүйүүм бар сүйүп турган.
Кулагымда сыйкырдуу добушуң бар,
Каным менен айланып жүрүп турган.

Карегимде сүрөтү жашайт анын,
Карайм дагы кайгымды азайтамын.
Алда кайдан агылып келип турган,
Сүйүүсүнөн дилимди тазартамын.

Башкача бир жан дүйнөм эргип анан,
Арууланам, эс алам, сергийм анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө,
Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө,
Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан.

Акшооланын ыры караоке

https://www.youtube.com/watch?v=UYIZiFYH6Wc

Самара Каримова Акшоола ыры тексти: 7 комментарий

  1. Мага ушул ыр абдан жакты. Угуп бүтүп кайра эле уккум эле келе берет экен.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *