Датасы: 09.05.2024
Формат: mp3

Көзүмдү албай коломтонун отунан
Көөдөнүм өрт шуу үшкүрүп олтурам
Тагдыр турат коломтого байлануу
Таштап кетсе не болот деп чочуган
Арзуу бизге азап болду кайдагы
Асылкечим бир сөз айтчы жайдары

Агай мени өзүң элен азгырган
Астыртадан көздү кысып жазгырган.
Калбай ээрчип күндө белек калтырып
Карындаш деп эркелетип наз кылган
Ал ансайын жүргөн элем тартынып
Мойунума колуң турса артылып

Кайырма:
Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз
Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз
Арзуу деген азап экен туйланган
Жакын туруп алыс мынтип арабыз
Көңүлүбүз
Көңүлүбүз толгон кезде мун-зарга
Бей убакта
Бей убакта биз келебиз гүлзарга

Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз
Жаным неге биз сүйүдөн коркобуз
Эч жөнү жок өзүбүздү күнөөлөр
Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз
Булганычтуу ушак табаар бирөөлөр
Бул сүйүнү аздек сактап жүрө көр

Жашырынган сүйүү ушул сүйүбү
Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү
Алысташып жашайлычы агайым
Азап толду сен кыя албай үйүңдү
Мен тагдырдан өз теңимди табайын
Сизди болсо жан туйгум деп саанайын

Один комментарий к “Алтымыш & Айкен-Эки жүрөк тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *