Кайсы бир шах өзүнө түшүнүксүз себептерден улам абдан семирип кетет. Бул анын ден соолугуна, дегеле бүт жашоосуна терс таасирин тийгизе баштайт. Айласы кеткенде өлкөсүндөгү баардык дарыгерлерди чогултуп, өзүн арыктатуунун дабаасын табууну буюрат. Бирок алар кандай айла кылышпасын, эмне дары ичиришпесин – шах семиргенден семире берет.

Ошондой күндөрдүн биринде ага башка бир чет өлкөдөн абдан атагы чыккан дарыгер келет.

— Мен сени бул дартыңдан айыктырам, — дейт ал. – Бирок мага ойлонууга үч күндүк мөөнөт бер.

Шах макул болуп, бул убакыт өткөн соң дарыгерди угат.

— О шах! Мен сенин ооруңду гана эмес, тагдырыңды да тактап чыктым. Тилекке каршы, сенин кырк күндүк гана өмүрүң калыптыр, эгер бул сөзүмө ишенбесең мени зынданга салдыр, кырк күн өткөндө айтканым келбесе мени Кудайга ыраазычылык катары курмандыкка чалдыр, — дейт.

Муну укканда шахтын жүрөгү түшөт, жаман кабарды ачык айтканы үчүн дарыгерди зынданга салдырып, өзү баардык жыргалчылыктарынан кечип, адамдардан качып, жалгыздыктагы сары санаанын кучагына кирип, жакынкы өлүм жөнүндө гана ойлонуп, күндөр турмак сааттарды санап жашай баштайт. Өңдөн азат, жүзү керсары тартат, билинбестен арыктай берет. Бирок аны өзү да, жакындары да байкашпайт.

Качан кырк күн өткөндө ал өлүмдү күтүп жатат. Бирок негедир ажалы жетпейт, жаналгыч келбейт. Ошентип жатып уктап кетип ойгонсо, кийинки күндүн жаркыраган таңы атып калган болот. Буга шах абдан сүйүнөт, анан көз көрүнөө алдап ушунча азап тарттырганы үчүн дарыгерге жини келип, аны жазалаш максатында тезинен алдырып келет.

— Эй, сен мени эмне үчүн алдайсың! – деген шах дарыгерди көрөрү менен жекирет.

— О шах, ооба, мен сени алдаганым чын. Бирок буга мен сага пайда алып келсин деген жакшы ой менен бардым. Ал максатым ишке ашканын өзүңдөн көрүп турам. Мага ишенбесең өйдө туруп өзүңө байкоо салсаң ишенесиң, — дейт.

Шах анын айтканы боюнча ордунан туруп, өзүн-өзү күзгүдөн карай берип, абдан арыктап, кийимдери шалбырай түшкөнүн көрүп, дароо эле дарыгердин куулугун түшүнүп, аны жазага тартмак тургай, алкыш айтып, сыйлык берет.

— Урматтуум, — дейт ошондо дарыгер. – Сен мурункудай эле шапар тээп жашай берсең ошондогудай эле катуу семиресиң. Андан көрө эл кайгысын бөлүшүп, азабына азаптансаң ушул бойдон семирбей жүрөсүң.

Шах бул сөздү туура көрүп, башын ийкегилеп жиберет. Ошондон кийин ал адилет падыша болуп чыга келет.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы59
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак36
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок27
Акылдуу кыз22
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *