Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Адашып сен, сүйүүнү жалган дебе,
Таттуу болот сүйүүдө арман деле.
Жылдыз жанып, жүзүңдөн турат неге?
Балким сүйүү бакыты ушул беле?
Кайырма:
Эргип сезимдер,
Эми кезигээр,
Эрте кечикпей.
Эрке кыялдар,
Эстен чыгарбай,
Эстеп жыргалдай.
Жылдыздай жарык болот таза махабат,
Жыргалын төгүп турган сезим менен ойнобогун.
Сүйүүсүн арнап турса жүрөк жаралап,
Жеңилип, азгырылып «Сүйбөймүн» — деп ойлобогун.
Кайырма:
«Жаным» — деп эркелеткин жалгыз адамды,
Жарабас улам бирди «Сүйөмүн» — деп алдаганың.
Сүйүү менен баштасан ар бир кадамды,
Жаркылдап жанып турат түбөлүк тандаганың.
Кайырма:
Адашып сен, сүйүүнү жалган дебе,
Таттуу болот сүйүүдө арман деле.
Жылдыз жанып, жүзүңдөн турат неге?
Балким сүйүү бакыты ушул беле?
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *