Датасы: 01.10.2020
Формат: mp3

Тектирге чыккан буудайды,
Теңселтип шамал ыргайбы?
Теңдиктүү ушул турмушта,
Теңтуштар, ойноп-жыргайлы.
Курбуга чыккан буудайды,
Кулпунтуп шамал ыргайбы?
Кулпунган ушул турмушта,
Курдаштар, ойноп-жыргайлы.
Жаркырап аткан таңдайсың,
Жарыгың жарык шамдайсың.
Жаш өмүрдүн күнүндө,
Жанаша чыккан талдайсың.
Кыраңга чыккан айдайсың,
Кызыл гүл болуп жайнайсың.
Кызыл гүл турса ачылган,
Кылчайып, булбул, сайрайсың.

Один комментарий к “Алина Жетигенова — Теңтуштар тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *