Эзиле бышып сен турсаң. (ой).
Мөмөлүү бакка жарашып,
Аралай басып мен барсам (ой),
Алмалуу шакка жанашып,
Үзүлөр белең (о-о-о) колума
(0 жаным) башкага барбай адашып

Атырдай жытың көлпүгүп,
Айланаң толгон гүл жайнап.
Ар адам колун сунбайбы,
Же ак алма турса бур байлап.
Ийилсе шагы (э-э-э) эмне үчүн,
(0 жаным) калармын колго үн кайрап.

Ак алма сени урматтап (ой),
Алып бир жүрсөм жаныма.
Жетер элек тилекке,
(Анан) келген деп (ой) менин багыма.

Алмага жазган ырымды (ой),
Ардактуу селки билеби.
Алмага атын теңеген,
Же баланы эстей жүрөбү.
Быша бер, алма, быша бер,
(Анан) орундайт (о-о-0) жаштын тилеги.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *