Датасы: 14.12.2022
Формат: mp3

Сөздөн тартынып турам
Бирок жактырып турам
Мүмкүн бекен ашык болууга сизге
Сөз айтууга ашыкба
Байкап көз карашыңдан
Күмөн санап турам сенин жашыңдан

Кайырма:

Махабат деген ушундай
Жашка карабайт экен
Ойго салып аттиң аябайт экен
Махабат деген ушундай
Сүйүп ашыккан менен
Таанышып бирок жүрөк табышбайт экен
Махабат деген ушундай

Аппак жүзүңүзгө
Таптаттуу күлкүңүзгө
Суктанууга кантип эми болбосо
Менин айткан ойлорум
Туура деген ойдомун
Жылуу сөзгө кубанычта болойун

Алмаз Шаадаев & Гүланда — Махабат деген ушундай тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *