Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Жашоонун сенсиң кызыгы,
Гүлүмдүн сенсиң кызыгы.
Эч качан бойдон тарабайт,
Сүйүүмдүн сенсиң ысыгы.
Эскерип жүрсөң кубатым,
Сен менен жүрсөм кубанчым.
Сүрөлү өмүр узакка да,
Сүйүүнүн көрүп ызаатын.
Сен менин жашоо-таалайым,
Сен менин болдуң маанайым.
Саламат болуп көп жаша,
Садага кетип калайын.
Дем берсин сага Кудайым,
Бактылуу болгун ылайым.
Барганда сексен-токсонго да,
Балдардын көргүн убайын.

Один комментарий к “Алтымыш Кадыров — Сүрөлү өмүр узакка тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *