Датасы: 02.10.2020
Формат: mp3

Жалгызым деп жандай көрүп
Жалооруп сүйсөң түгөйүм.
Жайнап турган жамалыңан
Махабаттын тапсам гүлдөрүн.

Гүл жыттанган сүйүү жолдору
Күйөт арман менен өтпөсө ооу.
Күйүп турган сезим түбөлүк
Күндөй болуп такыр өчпөсө ооу.

Кайырма:
Тагдырлашым таалай бакытым
Табышкандар болот ашык жан.
Таттуу өмүр сүрүп кош жүрөк
Тамшанышса чексиз ашыктан.

Ашыгым деп арнап турсам
Ар убак жакшы сөздөрүм ооу.
Арзышкандар ак канатчан
Ак куулардай көрсө өздөрүн ооу.

Гүл жыттанган ошол күндөрүм
Күйүп, бирок такыр өчпөсө.
Күмүш күлкүң күндө жаңырып
Гүл өмүрүм такыр бүтпөсө.

Кайырма:
Тагдырлашым, таалай бакытым
Табышкандар болот ашык жан.
Таттуу өмүр сүрүп, кош жүрөк
Тамшанышса чексиз ашыктан.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *