Датасы: 04.05.2020
Формат: mp3

Алгачкы көргөнүмдө
Жаныңда турдум баралбай
Жашоомо белек болдуң
Жүргөндө сендей табалбай
Жылдыздуу түндү карап
Уктабай сени сагынмай
Сени эстеп күнү-түнү
Санаадан турам арылбай

Кайырма;

Сүйө албайм сенден башканы
Сүйдүрүп неге таштадың
Көнбөскө менде арга жок
Тагдырдын болду жазганы
Өзүңдөн бөлөк жакпады
Өмүрдө болдуң тапканы
Алыстап кетсең сагынып
Денемди жалын каптады

Жүзүңдөн нур чачырап
Жүрөктү коюп жашартып
Себепчи болуп өзүң
Сезимди койдун тазартып
Жылмайып карап сүйлөп
Эргитчү элең дүйнөмдү
Тартылып көзгө улам
Эстедим ошол күндөрдү
Сагындым ошол күндөрдү

Кайырма:

Видеоклип

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *